• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Далай-лама Индияда ооруканага жеткирилди, абалы туруктуу

Дүйнө 0

Бишкек. 10.04.19 /Кабар/. 83 жаштагы тибеттиктердин руханий лидери Далай-лама XIV Индиянын Нью-Дели шаарындагы ооруканага жеткирилди, учурда абалы туруктуу. Бул тууралуу Reuters басылмасына маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде Далай-лама өзүн бир аз начар сезип, жөтөлүп жаткандыктан шаардагы клиникалардын биринен медициналык текшерүүдөн өткөн.

Ал азыр ооруканада жана бир нече күн клиникада болот, деп кабарланууда.

Далай-лама будда дининдегилердин руханий лидери болуп саналат. Ал 1959-жылдан бери Индияда жашайт.

1989-жылы Далай-лама Нобель сыйлыгын алган.

Пикир

Оставить комментарий