• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дани Алвес: "Месси бул билдирүүсү менен бразилиялыктарды сыйлабастыгын көрсөттү

Спорт 0

Бишкек, 09.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Бразилиянын курама командасынын коргоочусу Дани Алвес "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин Америка кубогу атайын Бразилиянын командасы утуш үчүн жасалган деген сөзүнө үн катты.

"Көп нерсе айтса болот, бирок, мен кандай болсо да Мессинин сөзүнө кошула албайм. Биринчиден ал жалпы Бразилия элин сыйлабастыгын көрсөттү. Экинчиден, ал кээ бир профессионал футболисттер иштерин таштап чемпиондукка ат салышкандардын эмгегин сыйлабаганы", - деп Алвес билдиргенин Goal.com басылмасы жазып чыкты.

Дани Алвес, дайыма оюн ачык айткан адамдардын бири экенин айтат. Мессинин бул айтканын туура эмес деп эсептээрин кошумчалап кетти.

Эскерте кетсек, Бразилиянын курама командасы Перуну 3:1 эсебинде жеңип, Америка кубогуна ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий