• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Дани Алвес тарыхта командалык трофейи 40 болгон алгачкы оюнчу

Дүйнө 0

Бишкек, 08.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Бразилиянын курама командасынын коргоочусу Дани Алвес жеңген командалык трофей боюнча дүйнөлүк рекордду жаңыртты. Бул туурасында Чемпионат басылмасы билдирет.

Америка кубогунда Бразилиянын курама командасы Алвес менен Перуну 3:1 эсебинде жеңип алган. Беттеш Рио-де-Жанейродогу легендарлуу "Маракана" талаасында болгон.

Бразилиялык оюнчу өз карьерасында жалпысынан командалык трофейи 40ка жетти. Ал 9 жолу чемпионаттарды жеңген (Испания – 6 жолу, Франция – 2, Италия – 1), 7 ар кандай улуттук кубогун (Испания – 5 жолу, Франция – 1, Италия – 1), 7 жолу улуттук Суперкубогун (Испания – 5 жолу, Франция – 2), Лига кубогун (Франция), 3 жолу Чемпиондор лигасын уткан (Барселона), 2 жолу УЕФА кубогу (Севилья), 4 жолу УЕФАнын Суперкубогун жана 3 жолу клубдар арасында дүйнө чемпионатын уткан.

36 жаштагы Алвес Бразилиянын курамында 2 жолу Америка кубогун жана Конфедерация кубогун жеңген.


 

Пикир

Оставить комментарий