• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Даниэл Тэго жана Павел Сидоренко улуттук курамдагы карьерасын токтотту

Спорт 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча улуттук курамдын оюнчулары Даниэл Тэго жана Павел Сидоренко кечээ, 10-октябрда Кыргызстан менен Мьянма беттешээрдин алдында күйөрмандар менен коштошту. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Улуттук курамдын катарынан коргоочу Даниэл Тэго жана жарым коргоочу Павел Сидоренко кетишти.

"Татыктуу жана жаркын оюн үчүн, беттешке берилүүңөр, өлкөнүн намысын коргоп жүргөнүңүздөргө ыраазычылыгымды билдирем. Силер улуттук курамдын сыймыгысыңар жана жаш оюнчуларга жакшы үлгү болуудасыңар", - деп улуттук курамга кайрылышты.

Даниэл Тэго улуттук курамдын катарына 2014-жылы кошулуп, 21 оюнга катышкан. Ал эми Сидоренко 2007-жылы келип, 27 беттеште ойногон.

Пикир

Оставить комментарий