• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Данияр Иманалиев ЕЭКтин Бажы инфраструктурасы департаментинин башчысы болду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 13.11.21. /Кабар/. Данияр Иманалиев Евразия экономикалык комиссиясынын бажы инфраструктурасы департаментинин директору болуп дайындалганын ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Иманалиев 1980-жылы 21-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жана Рицумейкан университетин (Япония) аяктаган.

Каржы, Экономика министрлигинде, өкмөттүн, президенттин аппаратында иштеген. Акыркы иштеген жери – Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары.

Пикир

Оставить комментарий