• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Данияр Мукашев КРнын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы, Лихтенштейн Княздыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Мукашев Данияр Муратбекович Женева шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Пикир

Оставить комментарий