• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Данияр Сыдыков Жээнбековдун Пекинге болгон сапары тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун Пекиндеги "Бир алкак бир жол" форумунда аталган демилгедеги Кыргызстандын орду тууралуу сүйлөгөн сөзү катышуучулар тарабынан туура кабыл алынды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал, Жээнбековдун Пекинге болгон сапарына токтолуп кетти.

"Сапардын негизги максаты "Бир алкак – бир жолдун" экинчи форумуна катышуу болгон. Биринчи сессияда Жээнбеков дүйнөлүк коомчулукка КРда жүрүп жаткан реформалоо боюнча баардык процесстер тууралуу айтып берди. Ал Кыргызстандын демилгедеги орду, биздин өлкөнүн ага кандай салымы болушу керектигин белгилеп өтүп, айтылгандар катышуучулар тараптан туура кабыл алынды", - деди ал.

Андан тышкары Сыдыков, президент КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен 28-апрелде болгон жолугушуусун айтып өттү.

"Жолугушуунун алкагында тараптар эки тараптуу алаканын актуалдуу темаларын талкуулашты. Арийне, ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттарда болду. Ошондой эле эки лидер, темир жолдун курулушу боюнча ири инфраструктуралык долбоорду талкуулашты. Бул маселе боюнча эки тарап бир пикирге келишти. Бул долбоор аймактык гана эмес, дүйнөлүк масштабда керектүү. Ал эки тараптуу гана эмес, үч же төрт тараптуу болушу мүмкүн. Эксперттер бул маселени өзүнчө таанышып, өз сунуштарын киргизишет", - деди ал.

Сыдыков белгилегендей, Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери долбоорду колдоого даяр экендигин билдирген.

Ошондой эле, ал, Жээнбеков өзүнүн сапарынын алкагында Тарыхты изилдөө боюнча институттун жетекчилиги менен жолугушканын кошумчалап өттү.

"Кытайдын окумуштуулары бизге жагымдуу кабарды, тагыраагы, биздин заманга чейин 10 кылымдагы кытайлык жылнаамаларда кыргыздар тууралуу дагы маалымат табылганын билдиришти. Андан тышкары, биздин президент 28-апрель күнү айыл-чарбасы боюнча ЭКСПО-2019 эл аралык көргөзмөсүнүн расмий ачылышына катышты. Ал жерде Кыргызстандын да павильону бар. Көргөзмө октябрь айына чейин уланат. Уюштуруучулардын божомолу боюнча, ЭКСПОго 16 миллионго жакын адам келиши керек. Биздин павильонго 100 миңге жакын адам келет деп үмүттөнөбүз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий