• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дарья Маслова Азия чемпионатында экинчи "алтынды" алды

Спорт 0

Бишкек, 10-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, эл аралык класстагы спорттун чебери Дарья Маслова Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында жеңил атлетика боюнча экинчи алтын мелдалды тагынды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиргендей, таймаш Индиянын Бхубанешвар шаарында 6-9-июлга чейин өткөн.

Маслова марага 32 мүнөт 21 секунд аралыгында келген.

Буга чейин ал 5000 метрлик чуркоодо биринчи келип, алтын медаль тагынган.

Азия чемпионаты күчтүү спортчулардын биринчилиги болуп эсептелет. турнирге 45 мамлекеттен 800 катышуучу келген. Жалпысынан 42 иш чара уюштурулган. Алардын 21 эркектер үчүн, 21 айымдарга арналган.

Азия биринчилигинде жеңишке жетишкен спортчулар жеңил атлетика боюнча августта Лондондо өтүүчү дүйнөлүк олимпиадага катышууга жолдомо алышат.

Пикир

Оставить комментарий