• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дарья Маслова Кытайдагы универсиадада алтын медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 24.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова Кытайда өтүп жаткан дүйнөлүк универсиадада алдын медалды багындырды.

Мелдештин расмий сайтынын маалыматында, аялдар арасындагы 10 миң метр аралыкта 17 катышуучусунун арасында кыргызстандык Маслова болгон.

Ал дистанцияны 33 мүнөт 19,27 секундда чуркап өткөн.

Маалыматка ылайык, аталган аралыкты 13 спортчу чуркап өтүп, марага келишкен. Коло медалды Индиялык спортчу Садживан Джадхава, үчүнчү орунду Япониялык Ай Хосода алды.

Пикир

Оставить комментарий