• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Дарак ыры" кыргыз мюзикли Россияда көрсөтүлө баштайт

Маданият 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Жаш режиссер Айбек Дайырбековдун Борбор Азия боюнча биринчи “Дарак ыры” кыргыз мюзикли Россиянын "Октябрь" кинотеатрында көрсөтүлө баштайт.

Тасма 28-апрелден тарта көрсөтүлмөкчү. Бул тууралуу тасманын режиссеру Айбек Дайырбеков социалдык тармактарда билдирип, кино сүйүүчүлөрдү тасманы көрүп кетүүгө чакырган.

"28-апрелден баштап Россияда "Дарак ыры" кеңири прокатка чыгат. Анын премьерасы Москвадагы "Октябрь" кинотеатрында болгону турат. Билет сатыкка чыкты. Эртерээк алгыла. Кыргыздын атын кино ааламга таанытат. Кыргыз киносу дүйнөнү багынтат!", - деп жазган режиссер.

Белгилей кетсек, өткөн жылы чыккан "Дарак ыры" кыргыз мюзикли бир нече эл аралык сынактарга катышып, баш байге жеңүүчүсү да болгон.

Пикир

Оставить комментарий