• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Дарак ыры” мюзиклинин эл аралык бет ачары Москва кино фестивалында болот

Маданият 0

Бишкек, 04.04.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Дарак ыры” мюзиклинин эл аралык бет ачары Москва кино фестивалында болот. Бул тууралуу кыргыз киносунун сайтында маалымдалат.

40чы эл аралык кино фестиваль 19нан 26-апрелге чейин Москвада өтөт. “Дарак ыры” расмий сынактан тышкаркы “Спектр” программасына киргизилген.

Жаш режиссер Айбек Дайырбековдун Борбор Азия боюнча биринчи “Дарак ыры” кыргыз мюзиклин 2018-жылдын март айында көрсөтүлгөн.

Тасма Ысык-Көл көлүнүн кооз жерлеринде тартылган. Атайын тасма үчүн дээрлик 200 кийим тигилип, алардын бардыгы салттык баалуулуктарды камтыган. Этникалык музыкалык композициялар да атайын тасма үчүн жазылган. Тартуу иштери дароо өлкөнүн бир нече региондорунда болгон.

Пикир

Оставить комментарий