• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Дарак ыры" тасмасы Казакстандын кинотеатрларында да көрсөтүлө баштайт

Маданият 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. "Дарак ыры" тасмасы Казакстандын кинотеатрларында да көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу тасманын продюсери Толкун Дайырбекова фейсбуктагы баракчасына жазган.

Бул тасманын Казакстандын кинотеатрларында көрсөтүү иштери менен "Меломан" компаниясы алектенет. Тасма 18-апрелден тарта көрсөтүлөт баштайт.

Ошондой эле,"Дарак ыры" Россияда да "Октябрь" кинотеатрында 28-апрелден баштап көрсөтүлөт.

Аны менен бирге тасма Кыргызстанда да 25-апрелден тарта кинотеатрлардын чоң экранына кайра чыгат.

Белгилей кетсек, тасманын режиссеру – Айбек Дайырбеков. Өткөн жылы чыккан "Дарак ыры" кыргыз мюзикли бир нече эл аралык сынактарга катышып, баш байге жеңүүчүсү да болгон.

Пикир

Оставить комментарий