• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дарактар кулап, чатырлар учту — Бишкекте болгон шамалдын кесепети (сүрөт)

Коом 0


Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Бүгүн таңкы саат төрттөрдө Бишкекте катуу шамал болуп, шамал бактарды кулатып, бир имараттын чатырын учурган.

Күбөлөр билдиргендей, Манас-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде шамал бир имараттын чатырын учуруп кетсе, кээ бир жерлерде бактар жерге, унаага кулаган.

Шаар бийлиги келтирилген чыгымды тактап жатат.

Андан тышкары, шаардын айрым райондору электр жарыгысыз калган. "Түндүкэлектр" ААКсынан билдиришкендей, авариялык өчүрүү болгон эмес, маалыматты кийинчерээк тактап беришет.

Пикир

Оставить комментарий