• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дарбазачылар бүтүп футболчулар калды. Эки кыргызстандык оюнчу Мьянмага каршы беттешке чыкпайт

Спорт 0

Бишкек, 08.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Тамирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу Мьянманын командасы менен боло турган беттешке чыкпайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган оюнчулар буга чейинки Монголия менен Тажикстандын курамалары менен болгон оюнда эскертүү сары кагаздарын алган. Мындан улам ФИФАнын дисциплинардык комитети аларды оюндан четтетти.

Ал эми дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин жана Авазбек Откеев дагы оюн талаасына чыкпай калышы мүмкүн. Монголиянын командасына каршы оюнда аталган спортчулар коронавируска шектелип, беттешке катышкан эмес.

Кыргызстандын командасы 11-июнда Бишкек убактысы менен саат 13:00дө Мьянманын курамасы менен оюнга чыгат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголиянын командасына 0:1 эсебинде утулуп калган.

“Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 7 упайы менен үчүнчү орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий