• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дарига Назарбаева спикер катары алгачкы жолу сенаттын жыйынын өткөрдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Казакстан сенатынын жаңы төрайымы Дарига Назарбаева 26-мартта алгачкы жыйынын өткөрдү. Анда мажилистен келген мыйзам долбоорлору, анын ичинде 2019-2021-жылкы республикалык бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштар комитеттер ортосунда бөлүштүрүлдү.

Сенаттын сайтындагы расмий билдирүүгө ылайык, Назарбаева жыйында 4-апрелде карала турган «республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурду».

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева жогорку палатанын төрайымы кызматына 20-мартта дайындалган. Анын талапкерлигин убактылуу президент катары ант берген күнү Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Эгер учурдагы мамлекет башчы кызматтан кетсе, президенттин ыйгарым укуктары Сенаттын башчысына өтөт.

Назарбаеванын талапкерлигин парламент депутаттары бир добуштан колдоп беришкен. Мындан тышкары алар Токаевдин 20-марттагы бир нече сунушун, анын ичинде Астананын аталышын Назарбаевдин урматына Нур-Султан деп өзгөртүү жана аны мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо сунушун жактырышкан.

Пикир

Оставить комментарий