• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына карата XI республикалык театр фестивалы өтүүдө - фото

Маданият 0

Бишкек. 01.05.19 /Кабар/. Кыргыз ССРинин эл артисткасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына арналган республикалык театр фестивалы Бишкекте өтүүдө.

Фестивалдын башталышы Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында жалпы катышуучулардын кызыл килемден өтүүсү менен башталды.

Андан соң, жалпы көрүүчүлөр үчүн Даркүл Күйүкованын өмүрү жана чыгармачылыгына арналып уюшутурулган көргөзмө менен уланды.

Фестивалдын расмий бөлүгүн Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ачып, театр фестивалынын жалпы катышуучуларына алдыда өтө турган фестиваль ийгилктүү өтүүсүн каалады.

Куттуктоо сөздөр президентинин атынан анын аппаратынын кеңешчиси Султан Раев окуп, бүгүнкү күндөгү театр тармагындагы өзгөрүүлөр жана жетишкендиктер тууралуу билдирүү жасады.

Ал эми вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жалпы театр тармагында эмгектенип жаткан маданият кызматкерлерине чыгармачылык ийгилик каалап, фестиваль ар бир катышуучу үчүн жемиштүү болуусун кошумчалады.

Салтанаттуу ачылыш аземи өзгөчө өттү. Сахнада эң сүйүп жана эң көп ойногон Даркүл Күйүкованын Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" спектаклиндеги "Толгонайдын" ролун Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын эл артисткалары жана Эмгек сиңирген артисткалары ойношту.

Пикир

Оставить комментарий