• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Даркүл Күйүкованын 100 жылдык мааракеси белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде СССРдин Эл артисти Даркүл Күйүкованын 100 жылдык мааракесине карата XI республикалык театр фестивалы башталат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара 3-майга чейин уланат.

"Даркүл Күйүкова 10 жашынан тарта эле театрда роль жарата баштаган. Ал театр сахнасында дүйнөлүк, орус жана кыргыз классикалык драматургиясы боюнча коюлган спектаклдерде ондогон кейипкерлерди, өзгөчө энелердин образын жогорку чеберчиликте аткарып, кыргыз театр өнөрүндө улуттук мүнөздөгү кайталангыс театр мектебин түптөп кеткендердин бири", - деп билдирет Маданият министрлиги.

Белгилей кетсек, атактуу актриса 1919-жылы 29-октябрда төрөлүп, 1997-жылы каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий