• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дары-дармек ташыган компаниялар үчүн уруксат кагазын алуу маселеси толук чечиле элек – Асанов

Ден соолук 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Дары-дармек ташыган компаниялар үчүн уруксат кагазын алуу маселеси толук чечиле элек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.

"Карантин киргизилгенден кийин бизге уруксат кагаздарын алуу кыйын болду. Дарыканаларга же ооруканаларга дары жеткире албай кыйналдык. Өзүңүздөр билгендей дарысыз, каражатсыз бир да дарыгер иштей албайт. Бүгүнкү күнгө чейин кээ бир компаниялар өткөрмө кагазын ала элек, бирден-экиден уруксат кагазын алган. Алар ал өткөрмө кагаздар менен өзүнүн кызматкерлерин алып келеби же дарыларды жеткиреби?! Бул маселе дагы деле чечилбей келет", - деп, ал айтылган маселелер жакын арада чечилет деген ишеничте экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий