• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дары-дармектер боюнча көйгөй жок. Алар тизмеге ылайык алынууда - вице-премьер

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Учурда Кыргызстанда дары-дармектердин жетишсиздиги байкалган жок. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик деңгээлде дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. “Бизде коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны жогорулаган маалда дарыларды алып-сатуу учурлары болгон. Мындан улам жарандар дарыканалардан керектүү болгон клексан, гепарин жана антибиотиктер сыяктуу дарыларды таба албай калышкан”, - дейт ал.

Исмаилованын белгилегендей, буга байланыштуу өкмөт токтом чыгарган. “Ага ылайык, фармацевтикалык компанияларга тизмеге ылайык белгилүү бир дарыларды импорттоодо жеңилдиктер түзүлгөн. Учурда дары-дармектер боюнча көйгөй жок. Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп жатат. Азыр мамлекет тарабынан дары-дармек сатып алуу маселеси каралууда”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий