• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Дары-дармектер рыногуна коопсуз медикоменттерди тартуу жолдору каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Кечээ, 5-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде медицина тармагына тийиштүү маселелер талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда “Дары каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна өзгөртүүлөр кошумчаланууда. Ага ылайык, дары-дармектер Бажы биримдигинин стандартына ылайыкташтырылат. Ошондой эле, биологиялык кошулмалар жана медициналык буюмдар – дары-дармек категориясынан чыгарылган. Эксперттердин айтымында, мыйзамдагы өзгөртүүлөр 2 жылдан ашык убакыттан бери талкууга коюлуп келе жатат. Андыктан, колдоого муктаж.

Маселе боюнча оюн ортого салган депутат Рыскелди Момбеков, - медицинада реформалардын жүрүшүнө коррупция тоскоолдук кылууда,- деп эксперттердин ишин сынга алды. Ошондой эле ал, - “ Эксперттердин туура эмес иштегенинен жана маселеге кайдыгер караганынан улам коомдо сапатсыз дары –дармек колдонулуп жатат” – деген пикирин айтты.

Пикир

Оставить комментарий