• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дары-дармектерди көзөмөлдөөнүн жаңы системасын киргизүүнү тездетүү боюнча тапшырмалар берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дары-дармек менен камсыздоо жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө жана контролдоо механизминин жаңы технологияларын ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери белгилегендей, иштелип чыккан система контрафакттык медициналык продукцияга каршы күрөшүү аркылуу дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылууга, эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкын лицензиялоо процесси аркылуу рынокто дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, дары-дармек каражаттарына көзөмөлдөө системасын киргизүү рынокко толук көзөмөлдү камсыз кылуу аркылуу дары-дармектердин баасынын төмөндөшүнө таасирин тийгизет.

«Автоматташтырылган системаны ишке киргизүү мамлекет тарабынан дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга жана жүздөгөн миллион сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Система милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын даректүү пайдаланылышын жана дары-дармек каражаттарын ташып кирүүдөн тартып бүткүл республика боюнча, анын ичинде жеке дарыкана тармактары аркылуу калкка таратууга чейинки жүгүртүүнү көзөмөлдөөнү камсыздайт», — деди Эдил Байсалов.

Белгилүү дары-дармектердин бар экендиги жана анын жайгашкан жери жөнүндө реалдуу убакытта маалымат алууга болот. Жарандар сатылып алынган дары-дармектердин мыйзамдуулугун текшерип, ал боюнча керектүү маалыматтарды ала алат.

Система аркылуу чогултулган дары-дармекти керектөө тууралуу маалыматтар саламаттыкты сактоонун улуттук стратегиясын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Система дээрлик реалдуу убакытта бүткүл өлкө боюнча дары-дармек менен камсыздоонун абалын баалоого мүмкүндүк берет жана дары-дармектердин баасын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин жетекчилиги тарабынан дары-дармектерди көзөмөлдөөнүн жаңы системасын киргизүүнү тездетүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий