• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дары-дармектерди ташып келүүнүн баасы 2 эсе кымбаттады – Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы

Ден соолук 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Дары-дармектерди ташып келүүнүн баасы 2 эсе кымбаттады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.

"Заводдордо дарылардын баалары көтөрүлдү. Аба каттамдар жабылгандыктан дары-дармектерди алып келүү кыйынга турууда. Мурда аны ташып келүүнүн баасы 1 килограмм үчүн 3-4 доллардын тегерегинде болсо, азыр ал 7-8 долларга чейин көтөрүлдү. Учурда чоң дефицит жок, бирок баалар көтөрүлдү. Себеби, дарыларды алып келүүнүн баасы эки эсе көтөрүлдү. Ага кошумча доллар менен евронун курсунун өсүшү да өзүнүн таасирин тийгизди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий