• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дары-дармектерге болгон баа 40%га чейин төмөндөйт - Өмүрбекова дарылардын электрондук маалымат базасын түзүү боюнча

Өкмөт 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жана коопсуз жана эффективдүү дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууга шарт түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова 2016-2020-жылдар аралыгында Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалыматтар базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча Концепцияны ишке ашыруу боюнча тармак аралык координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө тендерден жеңип чыккан TC Health түрк компаниясынын бет ачары угулду ( Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен 2018-жылдын 6-августунда келишим түзүлгөн). Анда Улуттук маалыматтар базасын түзүүнүн эки этабын ишке ашыруу, дары-дармек каражаттарын сатып алуунун электрондук модулун ишке киргизүү жана фармацевтикалык системаны көзөмөлдөө каралган.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, мындай системаны ишке киргизүү менен өлкөдөгү дары-дармек каражаттарын ташып жеткирүүчүлөрдү көзөмөлгө алууга, өндүрүп чыгаруудан тартып керектөөгө, импорттоого дейре, дары-дармек каражаттарын жеткирүүдө ар бир таңгакты көзөмөлгө алууга мүкүнчүлүк түзүлөт. Негизгиси, жашоодо зарыл болгон дары-дармектерге баа төмөндөйт. Түркиянын тажырыйбасы боюнча аталган системаны ишке киргизүү менен дары-дармектерге болгон бааларды 30-40% чейин төмөндөтүүгө шарт түзүлгөн.

Ошондой эле жыйында саламаттыкты сактоо тутумунда электрондук кызматтарды ишке киргизүү маселелери боюнча ведомство аралык жумушчу топтун, анын ичинде калкты электрондук каттоо жана электрондук медициналык картаны киргизүү иштеринин жыйынтыктары каралды.

Аны менен катар бардык саламаттык сактоо уюмдарында баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн электрондук каттоону ишке киргизүү пландалууда. Бул бирдиктүү электрондук медициналык картаны түзүү, дарыгерге кабыл алууга жазылуу жана дарыгерди үйгө чакыруу сыяктуу кызматтарды электрондук түргө өткөрүүгө шарт түзөт. Бул өз кезегинде бейтаптардын убактысын үнөмдөйт.

Кийинки баскычта бардык күндүзгү дарылоо бөлүмдөрүндө адамдын бирдиктүү саламаттык паспортун киргизүү менен бейтаптардын электрондук дарт баянын киргизүү каралган.

«Сапаттуу жана коопсуз дары-дармектердин калкка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо – мамлекеттин башкы милдеттеринин бири. Биз электрондук саламаттык сактоону ишке киргизүү менен көптөгөн маселелерди, анын ичинде зарыл эмес текшерүүлөрдү, негизсиз дарыларды дайындоону, кагаздык жүктөмдү кыскартууга, эң негизгиси, бейтаптардын жана медициналык кызматкердин убактысын үнөмдөөгө, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жетишебиз», - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине электрондук маалыматтар базасын ишке киргизүүнү алдыга жылдыруу, ошондой эле дары-дармектерди өндүрүүчүдөн керектөөчүгө (бейтап) чейин көзөмөлдөө боюнча бир катар ченемдик укуктук актыларды даярдоо тапшырмасы берилди.

Жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова бардык кызыкдар тараптарды электрондук маалыматтар базасын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө активдүү катышууга жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборун мамлекеттик ишкана катары кайра түзүү боюнча сунуштарды берүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий