• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Дарыгер кимдер малина жебеш керектигин айтты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Дарыгер-диетолог Ольга Кораблева РИА Новостиге кожогатты (малина) кимдер жебеш керектигин, арыктоону көздөгөндөр мөмөнү колдонсо болор-болбосун айтты.

«Чоң кишилер кожогатты күнүнө 400 граммга чейин ден соолугуна зыян келтирбей жей алат. Бирок, ашказан, ичеги-карын оорулары – гастрит жана жарасы барлар, же бөйрөк оору менен жабыркагандар мөмөдөн баш тартканы оң, анткени ал ашыкча жүк болуп, диуретик болуп саналат», - деди Ольга Кораблева.

Диетологдун айтымында, кожогат табитти ачат. «Эгер сиз күндүзгү рационуңуздун кубаттуулугун азайтууну көздөп жаткан болсоңуз, анда мөмөнү убактылуу рационуңуздан алып туруу керек, же йогурт же жумшак быштакка кошуп колдонуңуз», - деп кеңеш берет диетолог.

Пикир

Оставить комментарий