• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дарыгер менен аялдын чыры. Тараптар милицияга арыз менен кайрылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Милиция Бишкектеги балдар ооруканасындагы орун алган чыр боюнча майда бейбаштык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 2021-жылдын 25-ноябрында милицияга О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал №3 Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын имаратында кайым айтышуу учурунда аны башка чаап жиберген белгисиз аялга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Ошондой эле милицияга Ж.А аттуу жаран арыз менен кайрылып, №3 Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын имаратында ооруканага жаткырууга орун жоктугуна байланыштуу ага карата уят сөздөрдү айтып, анын беделине шек келтирген белгисиз аялга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган фактылар Октябрь РИИБнин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Иштин алкагында кылмышка тиешеси бар адамдардын өздүгү такталып, денесинен алган жаракаттары боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн эртең менен балдар ооруканасында бейтаптын апасы дарыгерге кол көтөргөндүгүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий