• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дарыгер Мукарам Ураимованы Бишкекке алып келүү боюнча иштер жүрүүдө. Ага 200 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Ноокат районунун "Барчын" медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимованы Бишкекке алып келүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Министрликтен билдиришкендей, Мукарам Ураимова Ноокат районунда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталгандан тарта "кызыл зонада" иштеп, өзү ооруну жуктуруп алган.

"6-апрель күнү ал Ноокат аймактык ооруканага жаткырылып, ангионеврология бөлүмүндө 2 айдан ашык убакыт жаткан. 27-августтан 8-сентябрга чейин Ош облустар аралык ооруканада дарыланган. Учурда өкмөт башчынын тапшырмасы менен аны Улуттук госпиталга алып келүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет министрлик.

Министрлик билдиргендей, учурда Мукарам Ураимовага 200 миң кенемте төлөнүп берилди.

Белгилей кетсек Мукарам Ураимова 2020-жылдын 18-19-мартында, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда биринчилерден болуп обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80% жабыркаган. Мукарам Ураимова ооруканада 3 ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Пикир

Оставить комментарий