• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дарыгерге онлайн жазылуу. Бишкекте үстүбүздөгү жылы 840 миң бейтап катталган

Ден соолук 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Дарыгерлердин кабинетинин жанындагы кезек күтүүнү чектөө жана шаардыктарды COVID-19дан коргоо максатында электрондук ден соолук борборунун дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу санариптик платформасы иштеп жатат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, системага бардык шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору кошулган.

"2021-жылы ҮМБда дарыгерлерге кабыл алууга жалпысынан 840 миң бейтап катталган. Анын ичинен 434 573 регистратура аркылуу жазылып, 321 миң 592 портал аркылуу жана 83 миң 752 бейтап үй-бүлөлүк дарыгер аркылуу жазылган", - деп айтылат маалыматта.

Дарыгерге онлайн жазылуу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды жасоо керек:

1-кадам.
registratura.med.kg порталына өтүү;
ПИН (паспортто 14 символдон турган жеке идентификациялык номер)киргизүү;
Телефон номурун киргизүү.

2-кадам.
Дарыгерди тандоо.

3-кадам.
Датасы жана убактысы тандоо;
Жазууну ырастоо.


Пикир

Оставить комментарий