• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Тамеки түтүнү жана аэрозолсуз аба”. Дарыгерлер бийликти мыйзам долбоорун колдоого чакырды

Ден соолук 0


Бишкек, 10.09.21 /Кабар/. Медициналык коомчулук бийликти жарандардын тамеки түтүнү жана аэрозолсуз абага болгон укуктарын коргоо боюнча мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июлда "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн, никотиндин жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырышкан, учурда ал президенттик администрация тарабынан каралып жатат.

“Бул мыйзамда белгиленген салыктык эмес чаралардын комплексин кабыл алуу жана ишке ашыруу тамеки продуктыларын керектөөнүн деңгээлин 25%га, андан кийин тамеки менен байланышкан оорулуулуктун жана өлүмдүн азайышына алып келет”,-деди ал.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоону уюштуруу жана маалымдоо борбордук илим-изилдөө институтунун саламаттык сактоодо тобокелдик факторлорунун алдын алуу жана коммуникациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Виктор Зыков мыйзам долбоорунда Россия жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдө өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн чаралар камтылганын белгилейт.

"Россияда жыл сайын тамеки тартууга байланыштуу илдеттерден улам 300 миңден ашык адам көз жумат. 10 жыл мурун бул көрсөткүч 400 миңди түзчү. Жакында 17 жаштагы жаш бала жана 20 жаштагы кыз Е витамининин ацетатынын негизиндеги суюктукту тарткандыктан, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандагы 2 учур катталды. Бул зат бууланып жок болуп кетпестен өпкөгө кирип, ага залал келтирет. Ошондуктан жаңы мыйзамга никотин продуктуларын дагы тамеки заттары менен бирдей жөнгө салуунун киргизилип жатканы маанилүү. Бул жаңы продуктуларды эффективдүү жөнгө салууга көмөкчү болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий