• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дарыгерлер далилдүү терапиянын методикасын үйрөнүшөт

Ден соолук 0

Бишкек, 22.09.17. /Кабар/. Кыргызстандын дарыгерлерине далилдүү терапиянын аспектилерин үйрөтүшөт. Ал үчүн 22-26-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында атайын практикалык тренинг уюштурулат.

ССМ басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш чарага саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана адистери, медициналык жогорку окуу жайлардын мугалимдери катышат.

“Далилдүү медицинанын практикалык аспектилерин колдонуу жана КР саламаттык сактоонун технологиясына баа берүү” аталыштагы тренингдин башкы максаты - бул жаатта дасыккан адистерди окутуу.

Пикир

Оставить комментарий