• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дарыгерлер эскертет: чүчкүрүүнү токтотууга болбойт

Дүр дүйнө 0

Театрда жымжырттыкта отурганда же коомдук унаада бара жатканда чүчкүрүүнү басуу аракети татыктуу болуп көрүнүшү мүмкүн.

Бирок дарыгерлер мындай тажрыйбага каршы эскертишет. Себеби жакынкы мезгилдерде эле бир эркектин мындай абаны чыгаруудан кармануу учурунда кекиртеги айрылып кеткен.

34 жаштагы эркек чүчкүрүктү оозу, мурдун басуу менен токтотууга аракет кылуудан соң, ооруканага тамак жута албай жана сүйлөй албай калып кайрылган.

Текшерүүдө дарыгерлер моюндан төш клеткаларына чейин тарсылдаган жана тырсылдаган үндөрдүн чыкканына көңүл бурушкан.

Көрсө, өпкөдөгү аба ткандарга жана булчуңдарга тереңдеп кирип, кармалып калган.

Лестер Университеттик ооруканасынын адистери окуянын чоо-жайын BMJ Case Reports журналына жарыялашып, чүчкүрүүдөн кармануу аракети көптөгөн татаалдашууларга, жада калса, мээдеги тамырлардын өлүм менен коштолуучу аневризмине алып келиши мүмкүн.

“Мурунду жана оозду жабуу менен чүчкүрүүнү токтотуу – бул абдан кооптуу, мындан качуу керек,- деп эскертет изилдөөнүн автору доктор Вандинг Янг. – Бул бир катар кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн, өпкө ортосунда абанын кармалып калышы, кулактагы тарсылдактын перфорациясы, жада калса мээ аневризминин айрылышы сыяктуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн”.

Дарыгерлердин айтымында, эркектин абалы Бурхаве синдромуна – катуу кусуудан улам ашказандын айрылышына окшоп турган. Бирок бул учурда кармалып калган абанын басымы ашказандын жогорку бөлүгүнүн кекиртектен айрылышына алып келген.

Чүчкүрүү – кыйла кубаттуу процесс, абаны чыгаруунун ылдамдыгы 90м/с жетет, ошону менен бирге бөлүкчөлөр жана чачырандылар 10 метрге чейин жетет.

Мурда ооруканага жаткарылгандарда бул күчтү басып коюу аракетинин жыйынтыгы катары - тарсылдактын, көз тамырларынын жарылышы, бет нервдеринин жабыркашы, булчуңдардын чоюлушу, жада калса кабыргаларда жарака кетүү байкалган.

Физиологиялык жактан алганда, чүчкүрүү чочуун жана абдан кооптуу бөлүкчөлөрдү, дүүлүктүргүчтөрдү же микробдорду чыгаруу максатына ээ. Анын токтотулушу ашказандын жабыркашын гана эмес, микробдордун көбөйүшүн шарттап, астмага алып келет.

Булагы: GearMix

Пикир

Оставить комментарий