• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дарыгерлер инфаркттын алгачкы белгилерин кантип билсе болорун айтышты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Жүрөк оорусунун алгачкы белгилерин башка оорулар менен оңой эле чаташтырып алууга мүмкүн. Express Британиянын жүрөк фондунун маалыматтарына таянып, өмүргө коркунуч туудурган абалды кантип билсе болорун айтты.

Башкы факторлордун бири — көкүрөк жактагы ыңгайсыздык, бул бир аз убакыт өткөндөн кийин дененин башка бөлүктөрүнө жайылышы мүмкүн. Алсак, моюн, жаак, бел, ашказан, кол ооруй баштайт. Ушул белгилер гана тезинен дарыгерге кайрылуу керектигинен кабар берет.

Андан тышкары, инфаркттын дагы бир белгиси — жүрөк жана баш айлануу, демдин кысылуусу.

Адистердин айтуусуна таянсак, оорунун бул белгилери бир нече күнгө созулушу мүмкүн же болбосо күтүлбөгөн жерден пайда болуп калышы да ыктымал.

Окумуштуулар буга чейин адамдын канынын тобу жүрөк оорусунун өрчүшүнө таасир этет деп билдиришкен. Маалым болгондой, экинчи жана үчүнчү кан тобу бар адамдардын жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу биринчи топтогуларга караганда сегиз пайызга жогору болот.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий