• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дарыгерлер камкорчулар кеңештерин түзүүнү колдошту – ССМ

Ден соолук 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Дарыгерлер камкорчулар кеңештерин түзүүнү жактырышты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Алардын айтымында, 22-сентябрда камкорчулар кеңештерин түзүү боюнча жумуш өткөн. Аталган кеңештин негизги максаты – көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча кеңеш берүү, ошондой эле медициналык мекеменин ишмердүүлүгү боюнча көмөк көрсөтүлөт. Дарыгерлер бул коррупция менен күрөшүүгө жардам берип, системаны дагы айкыныраак кылат деп эсептешет.

“СПИД кызматы биринчилерден болуп бул демилгени колдоду. Дары сатып алуулардын белгилүү бир бөлүгүн мамлекет өзүнө алат. Бул боюнча камкорчулардын кеңештери бизге жардам беришет. Функция көзөмөлдөө эле эмес, тигил же бул ишти кантип мыкты жасаса болоруна кеңеш берүүдө”, - деди министрликтин өкүлдөрүнүн бири Аида Карагулова.

Пикир

Оставить комментарий