• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дарыгерлер коронавируска чалдыккан Трамптын абалы тууралуу айтышты

Дүйнө 0

Бишкек, 05.10.20./Кабар/. Вашингтондун жанындагы аскердик госпиталда коронавирустан дарыланып жаткан АКШнын президенти Дональд Трамптын абалы жакшы, 5-октябрда ооруканадан чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу жекшемби күнү мамлекет башчысын карап жаткан дарыгерлер билдиришти.

Алардын айтымында, жума күнү эртең менен президенттин дене табы жогорулап, анын саламаттыгы тынчсызданууларды жараткан. Ишемби күнү абалы жакшырып, дем алуусу жеңилдеп калган.

3-октябрда Трамп «Твиттердеги» баракчасына үч мүнөттүк видео жарыялап, алдыдагы бир нече күн «чыныгы сыноо» болорун айтып, айыгып кетишин каалагандарга ыраазычылык билдирген.

Ак үй Трамп вируска каршы ремдесивир дарысын ичип жатканын жана ооруканадагы бардык шарты бар президенттик бөлмөдөн иштесе болорун кабарлаган.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Ага Дональд Трамп менен Жо Байден ат салышууда. Трамп жана анын аялы Мелания Трамп вирус жугузуп алганы эки күн мурун белгилүү болгон. Президенттик шайлоого бир ай калганда АКШ президентинин вирус жугузуп алганы анын өнөктүгүнө таасир тийгизери айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий