• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгы эмнеге кечиктирилүүдө? – Финансы министрлигинин жообу

Экономика 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акысынын кечиктирилиши тууралуу соцтармактарындагы нааразычык боюнча бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Каржы министрлигинин борбордук казынасынын директорунун орун басары Марлен Амандыков айтып берди.

Ал билдиргендей, жаңы маалымат системасын киргизүүгө байланыштуу айлык акыны төлөп берүү 1-2 күнгө кечиктирилген.

“Алар жаңы электрондук санарип кол коюну киргизүү жана 2019-жылга сметалык дайындоолорду сөзсүз түрдө киргизүүгө байланыштуу. Айлык акыны төлөп берүү өзгөчө көзөмөл астында турат. Андан тышкары, кээ бир райондордун эсепчилери системаны түшүнбөй калган учурларда да бар”, - деп түшүндүрдү ал.

Амандыков кошумчалагандай, Соцфонд тарабынан баардык төлөмдөр 8-февралга чейин жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий