• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дарыгерлер смартфон жана компьютерлер мээни "таштандыга" айлантарын айтышты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Смартфон жана компьютерлерди үзгүлтүксүз колдонуу мээнин чарчоосуна жана депрессия менен акыл-эстин начарлашына алып келет. Бул тууралуу япониялык окумуштуулар билдиргенин Nikkei Style басылмасы жазат.

"Окумура" эс-тутум клиникасынын директору, нейрохирург Аюми Окумуранын айтымында, акыркы учурда эс-тутуму жабыркаган бейтаптардын саны өсүүдө. Ошол эле учурда кары адамдар гана бейтап болбостон 30 жаштан жогоркулар да жабыр тартууда. Анткени, бул курактагылар смартфон жана компьютерлерди көп колдонуп, мээни маалыматтар менен толтуруп жатат.

"Адам көп сандагы маалыматтарды ала баштаганда мээ аны иштеп чыгууга үлгүрбөй алсырай баштайт", - дейт Окумура.

Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн дарыгерлер мээ эс алып турушу керектигин айтышат. Ошондой эле смартфондордон алыстап, түндө жетиштүү деңгээлде уктоо керек жана түштө 15 мүнөт кыйшаюу да ден соолукка пайдалуу болгонун ак халатчандар кошумчалайт.

Андан тышкары, адистер тамактанып жатканда гаджеттерди колдонбоого чакырат.

Буга чейин белгилүү болгондой, заманбап гаджеттер адамдын булчуңдарынын өспөөсүнө жана көздүн начарлашына алып келери айтылган. Бирок смартфондор онкологиялык оорулардын өнүгүшүнө алып келбейт.

Пикир

Оставить комментарий