• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дарыгерлер уюлдук телефонду чөнтөккө салып жүрбөөнү сунушташат

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 20.12.17. /Кабар/. АКШда сот органдары азырынча уюлдук телефондон чыккан нур колдонуучулар үчүн зыяндуубу же жокбу деген маселе боюнча бир пикирге келише элек. Бирок Калифорниянын коомдук саламаттыкты сактоо департаменти тобокелдикке салбоону билдирет. Алар жалпы колдонуучулар үчүн телефондон тараган нурдан сактануу керектигин айтышат. Адистер телефон керек эмес учурда аны жаныңызда алып жүрбөөнү сунушташат. Департаменттин директору Карен Смит “телефонду чөнтөккө салып жүрбөөнү” кеңеш берет,-деп жазат Gearmix.

Мындай сунуш 2009-жылы саламаттыкты сактоо тармагында адистер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча айтылган. Бул уюлдук телефонду колдонуу менен рактын пайда болушунун ортосундагы байланышты далилдөөгө умтулган Берклидеги Калифорния университетинин профессору Жоэл Московицтин доо арызы менен байланыштуу болгон. Ал уюлдук телефондун нуру “башкы коркунуч” деп эсептейт.

Башка штаттардын да бир катар саламаттыкты сактоо органдары ушундай эле сунуштарды иштеп чыгышкан.

Компаниянын өкүлдөрү өз билдирүүлөрүндө ден-соолук коомдун ар бир мүчөсү үчүн “абдан керек” жана адамдар “адистер менен кеңешүүлөрү” керектигин айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий