• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дарыгерлер өзүнүн маянасынан сырткары 10-25 миң сомго чейин кошумча акча алышат - Исаков

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлер өзүнүн маянасынан сырткары 10-25 миң сомго чейин кошумча акча алышат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн 30 млн сом дарыгерлердин айлык-акысына эмес, беткаптарды, коргоо костюмдарын, изоляторду ачууга керектүү атайын шаймандарды сатып алууга жумшалат.

“Ал эми тынымсыз иштеген дарыгерлер да эске алынып, күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлер өзүнүн маянасынан сырткары 10-25 миң сомго чейин кошумча акча алышат”, - дейт министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-мартта коронавирусту жуктурган дагы 6 учур катталды. Алардын бардыгы Сауд Арабиядан кичи ажылыктан (умра) келгендер.

Жарандардын бешөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, ал эми бирөө Баткен облусунун Баткен районунун тургуну. Алардын жаш курагы 45тен - 74 жашка чейин. Үчөө аялдар, үчөө эркектер.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ошондой эле күн мурун, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны он эки кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий