• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дарыгерлердин арасында коронавирус жуктургандар жок – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Дарыгерлердин арасында коронавирус жуктургандар жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ага Кыргызстанда 2 дарыгер коронавирус жуктуруп алганы тууралуу сөздөр айтылып жатат, буул маалымат туурабы деген суроо узатылды.

"Бул маалымат туура эмес. Дарыгерлердин арасында коронавирус жуктургандар жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий