• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дарыгерлердин дагы бир тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. СOVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген 202 медицина кызматкери Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаа жана региондордон келген медицина тармагында эмгектенген кызматкерлердин тобу 7 күн бою Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Алтын Жай” пансионатында эс алып, ден соолуктарын калыбына келтирип кайтышмакчы.

Эске салсак кетсек, бул иш-чара инфекция очокторунда иштеген медициналык кызматкерлер үчүн реабилитациялоо жана ден-соолугун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын алкагында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий