• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жогорку Кеңештин төрагасы Мамытов ооруканага түштү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ден-соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, 2021-жылдын 28-июнунан тартып Иш башкармалыктын клиникалык ооруканасында стационардык дарылоодон өтүүдө.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда төраганын ден соолугу туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин Аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында Covid-19 илдети аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтбоо максатында обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий