• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дарыгерлерге мемориал тургузууга бир жылдан ашык убакыт кетти — скульптор

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Скульптор Тургунбай Садыков Бишкектеги COVID-19 менен күрөшүүдө каза болгон дарыгерлердин эстелигинин ачылышында мемориал тургузууга бир жылдан ашык убакыт кеткенин билдирди.

Анын айтымында, скульптураны курууда заманбап бышык материал - полиэстер колдонулган.

“Аны жасоодо 20га жакын адам иштеди”, - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аймагында COVID-19 пандемиясынан каза болгон дарыгерлердин эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу аземге КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров, Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева, белгилүү дарыгерлер, шаардыктар жана каза болгондордун жакындары катышты.

Пикир

Оставить комментарий