• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дарыгерлери коронавирус жуктуруп алган Ош шаардык балдар жугуштуу оорулар ооруканасы дезинфекцияга жабылат

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты дезинфекциялоого жабылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтмында, аталган оорукананын дарыгерлеринин коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган. “Алардын бардыгы обсервацияга жөнөтүлдү, ошондой эле алардын жакындары карантинге алынды. Ал эми Ош облустар аралык ооруканасынын корпусун дезинфекция аяктаганча жугуштуу ооруларга бөлөбүз”, - деп кошумчалады ал.

Маалыматка ылайык, оорукананын медкызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу фактысы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы кызматтык иликтөө жүргүзөт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 270 адамды түзсө, алардын 32си медицина кызматкерлери. Тактап айта кетсек, Бишкекте – 4, Ош облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 1 медицина кызматкери вирусту жуктуруп алган.

Пикир

Оставить комментарий