• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт: ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу бар экендигин эскертти.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, бүгүн-эртең республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий