• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Өлкө аймагындагы дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирет.

“11-12-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн”, - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2018-жылдын 10-июлунда КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка атайын билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий