• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Дарыкана ээлери мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды сатууга мажбурланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Өзбекстанда «Андижан Дори-Дармон» акционердик коому Анжиян облусундагы дарыкана ээлерин мөөнөтү өтүп кеткен же жакында өтө турган дары-дармектерди сатууга мажбурлап жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Андижан Дори-Дармон» акционердик коому быйыл 22-апрелде дарыканаларга кат жөнөтүп, алардан 30 аталыштагы 1484 даана дарыны сатууга жардам берүүнү өтүнгөн.

Бирок дарыкана ээлери ал өтүнүч эмес, буйрук болгонун билдиришүүдө. ​«Эгер мен мөөнөтү өтүп бараткан ал дарыларды албасам, анда алар мага башка зарыл болгон дарыларды сатуудан баш тартышмак. Алар жөнөткөн катта жардам көрсөтүү тууралуу жазылганы менен, чынында «Андижан Дори-Дармондун» жетекчилиги бизге ал дарыларды сатып алгыла деп буйрук берген», — деди Анжияндагы дарыканалардын биринин ээси.

«Андижан Дори-Дармондун» өкүлү бул маселе чечилип, дарылардын мөөнөтүнүн өтүп кетишине жол берген акционердик коомдун эки жетекчиси былтыр декабрда жумуштан алынганын билдирди.

Бирок жергиликтүү фармацевттер жетекчилик алмашканы менен облустагы дарыканаларда абал өзгөрбөгөнүн айтып жатышат.

«Биздин дарыканаларда дале болсо үч маселе бар. Биринчиси, дарыканаларда мөөнөтү өтүп кеткен дарылар сатылып жатат. Экинчиден, кампага келген дарыларга кошумча нарк кошулуп сатылууда. Үчүнчүдөн, дарыканаларда дарынын кеминде 2 миң аталыштагы түрү болуш керек болсо, бизде болгону 154 гана түрү бар», — деди жергиликтүү фармацевт Нодирбек Хожиматов.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Пикир

Оставить комментарий