• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дарыканада дарыны жеңилдиктер менен сатуудан баш тарткан учурда эмне кылуу керек? ММКФ жообу

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жеңилдетилген электрондук рецепт боюнча дары-дармектерди сатуудан баш тартуу болбошу керектигин билдирди.

"Биз бардык фармацевтикалык компанияларды ММК фондунун аймактык башкармалыктары менен мурда түзүлгөн келишимдин бардык шарттарын сактоого чакырабыз", - деп айтылат уюмдун маалыматында.

ММК фондунун жетекчилиги аймактык башкармалыктарга келишимди аткаруу жана мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында калкты жеңилдетилген рецепттер боюнча дары-дармек менен камсыздоо боюнча фармацевтикалык кампаниялар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, ММКФ менен кызматташкан дарыканалардын даректери ҮМБ/ҮДТ фойесинде илиниши керек. Дарыканалардын тизмесин http://foms.kg сайтынан да көрө аласыз.

"Жеңилдетилген рецепттерди тейлөөдөн баш тарткан учурда 113 ишеним телефонуна кайрылыңыз. Бардык уюлдук операторлордон чалуулар акысыз", — деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий