• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дарыны туура сактоо керек. Министрдин орун басары дарыларды алдын ала камдап алгандарга кайрылды

Ден соолук 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус жана пневмония менен ооруп ооруканага кайрылгандардын саны көбөйгөн мезгилде дары-дармектерди алдын ала камдап алган жарандарга кайрылып, дарыларды туура сактоо керектигин эскертти.

Ал, эгер дарыны туура сактабаса ал дартка даба болбой, тескерисинче адамдын организмине зыян алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

"Өткөн айдагы кымгуут учурда көптөгөн мекендештерибиздин арасында дары-дармектерди алдын ала камдап алып койгондор бар. Ар бир дары-дармек тиешелүү шарттарда сакталышы керек. Температура шарттары эске алынып, караңгы, кургак жерде сакталышы керек. Дарылар кичинекей балдардын колу жетпеген жерлерде туруш керек. Дары-дармектин сактоо шарттарына көңүл буруп койсоңуздар. Мисалы гепарин дарысын сатып алгандар бар экен. Андай дарылардын сактоо боюнча өзүнчө талаптары бар. Туура эмес сакталган же мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды колдонсок ал ден соолукка чоң зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан дарылардын сакталышы боюнча медицина кызматкерлеринен кеңеш алып койсоңуздар. Ошондой эле дарылардын ар биринин нускамасы бар. Аларда дарыны кандай шартта сактоо керектиги жазылган. Ошол нускама менен да таанышып чыгуу керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий