• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дастан Бекешев парламенттин жыйынын мамлекеттик резиденцияда же Өкмөт үйүндө өткөрүүнү сунуштады

Саясат 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынын мамлекеттик резиденцияда же Өкмөт үйүндө өткөрүүнү сунуштады

Өкмөт үйүндө парламенттик шайлоого катышкан айрым партиялардын өкүлдөрү чогулду. Ал жерге Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева да келген.

Бекешев талап-тоноолор болуп жатканын жана тезирээк жыйын өткөрүү керектигин билдирди. Жыйында өлкөнүн премьер-министрин дайындоо маселеси каралганы жатат.

Кечээ, 6-октябрда "Достук" мейманканасында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка талапкер катары көрсөтүшкөн.

Белгилей кетсек, Ак үйдүн имараты митингчилер тарабынан басып алынгандан кийин жыйынга жараксыз болуп калган. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирген.

Пикир

Оставить комментарий