• 82.38
  • 85.95
  • 1.28

Дастан Догоев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына тааныштырылды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. 2021-жылы 21-майда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев КРнын санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевди тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 21-майда Д.Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүгүү министри болуп дайындалган. Тиешелүү жарлыкка КР президенти С.Жапаров кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий