• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дастан Иманалиев КРдагы Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.01.22 /Кабар/. Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынын (мындан ары - Палата) директорлор кеңеши аталган уюмдун аткаруучу директорунун ордуна Дастан Иманалиевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 17-январында Дастан Иманалиев Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору болуп ишине киришти.

"Палатанын башкармалыгы мындай дайындоону уюмдун өнүгүүсүнө, анын ичинде палатанын башка бизнес-ассоциациялар менен кызматташтыгын мындан ары чыңдоо, мамлекеттик бийлик органдарында, КР Жогорку Кеңешинде, эл аралык жана коомдук уюмдарда Палатанын натыйжалуу өкүлчүлүгүн жогорулатуууга оң кадам деп эсептейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Дастан Иманалиев КРдагы Америкалык соода палатасына келгенге чейин 2017-2021-жылдары Эл аралык ишкерлер кеңешинде (мындан ары - ЭИК) алгач юрист, андан кийин укуктук колдоо секторунун башчысы, андан соң 2020-жылдан тарта аткаруучу директордун орун басары болуп иштеген. Анын милдеттерине ЭИК комитеттеринин ишин башкаруу, мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда ассоциациянын өкүлчүлүгу кирген.

Дастан Иманалиев ЭИКтин негизинен инвестицияларды илгерилетүү, тоо-кен өндүрүшү, лицензиялоо, салык саясаты, финансы, камсыздандыруу, телекоммуникациялар менен байланышкан мыйзам чыгаруу процесстерине катышуусун координациялаган. Мындан тышкары, ал ЭИКтин учурдагы мүчөлөрүнүн лоялдуулугун жогорулатуу жана жаңы мүчөлөрдү тартуу боюнча чараларды иштеп чыккан.

Дастан Иманалиев 2015-жылы Борбордук Азиядагы Америка Университетин эл аралык жана бизнес укугу адистигин аяктагандан кийин Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, андан кийин КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын жардамчысы/маалымат кызматынын жетекчиси жана КР өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин юристи болуп иштеген.

Дастан Иманалиев Doing Business, Дүйнөлүк Банк Тобу (2021) жана КР Экономика министрлигинин (2019) ыраазычылык сертификаттары менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий